Жети-Өгүз районунун тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты
04 марта 2021
Бүгүн, 2021-жылдын 4-мартында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Кызыл-Суу жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдалана алышты.
БШКнын жана МККнын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун жергиликтүү тургундарына биометрикалык каттоодон өтүүдө жардам көрсөтүштү, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында шайлоо процесси боюнча маалыматтарды беришти.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 3110 адамды түзөт.
Ошондой эле жарандар үгүт өнөктүгү жана жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор боюнча суроолорун Call-борбордун 1255 номери аркылуу бере алышат.
Мобилдик автобустардын аймактар боюнча кетүү графиги менен бул жерден таанышууга болот.







КР БШК Маалымат бөлүмү
