Базар-Коргондо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо талкууланды
04 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова Базар-Коргон шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын башчылары менен жолугушту.
Жолугушууга Базар-Коргон районунун акими дагы катышты.
КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова катышуучуларды калктуу конуш статусунан шаарга көтөрүлүшү менен куттуктады.
«Базар-Коргон шаары болуп калды. Бул статус өнүгүүнү алып келип, жергиликтүү жамааттын жарандарынын жыргалчылыгын жакшыртышын каалайм», - деди ал.
Жолугушууда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды.
Базар-Коргон районунда 1 шаардык кеңеште жана 8 айылдык кеңеште шайлоо болот. Бүгүнкү күндө 95 672 шайлоочу катталды, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын тизмеси 19 683 адамга көбөйдү.
65 шайлоо участкасы жана 40 шайлоо округу бар. Депутаттык мандаттардын саны 2016-жылы 209 болсо, 2021-жылы 229га чейин көбөйгөн. Квотага ылайык аялдар үчүн 78 мандат резервге каралган.
5 саясий партиянын - “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын, “Өнүгүү-Прогресс”, “Замандаш”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” партияларынан депутаттыкка талапкерлердин тизмелери Базар-Коргон шаардык кеңешине сунушталды. Партиялык тизмеде көрсөтүлгөн 267 талапкер бар, алардын 88и аялдар.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жөнүндө калкты маалымдоо максатында, Базар-Коргон шаарында мобилдүү автобустар төмөнкүдөй иштешет:
16-мартта – Базар-Коргон шаарында
17-мартта – Ооган-Талаа айылында
18-мартта – Каба айылында.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү







