Шайлоодо ишенимди жогорулатуу үчүн БШК эмнелерди жасап жатканы Нарын жана Өзгөн шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге айтылды
02 марта 2021
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди окутуу иш-чараларынын циклин улантууда. Шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча окутуу Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө.
1-мартта Өзгөн жана Нарын шаардык кеңештеринде кезектеги тренингдер өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүндө негизги аракеттерин заманбап санариптик кызматтарды түзүү аркылуу шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга багыттагандыгы белгиленди.
Саясий партияларга жана талапкерлерге БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” - http://talapker.shailoo.gov.kg/ бөлүмүндө шайлоочуларга алардын программасы жана кесиптик ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилет, шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттыкка катталган талапкерлердин, саясый партиялардын программалары жана каржылык отчеттору жайгаштырылат. БШК өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу партиялардын жана талапкерлердин каржы булагы жана чыгымдардын бардык түрлөрү көрсөтүлгөн финансылык отчеттору жарыяланарын баса белгилешти.
Бул иш БШК тарабынан жалпысынан шайлоого, айрыкча талапкерлерге / партияларга болгон ишенимди жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткандыгы, бул үчүн талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги, саясий партиялар, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу, шайлоо фонддорун эсепке алуу жана сарптоо жол-жобосуна бирдиктүү ыкмаларды киргизүү, ошондой эле кайрымдуулук каражаттарына тыюу салуу жана БШКнын сайтында каржылык отчетторду милдеттүү түрдө жарыялоо тууралуу айтылды.









