Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышуучу саясий партияларга Кайрылуусу

01 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

Андан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10 бөлүгүндө, шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүдөр таанылаары көрсөтүлгөн:

  • тигил же бул талапкер, талапкердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
  • талапкердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү;
  • талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;
  • алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу.

Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларга, жогорудагы Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузган аракеттерден алыс болууну, анын ичинде мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн болгон басма, аудиовизуалдык жана башка материалдарды социалдык тармактар аркылуу алдын ала үгүт иштерин жайылтуу формасына жол бербөөнү өзгөчө эскертет!