Бишкек АШКсы “Бирге-Вместе” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
26 февраля 2021
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн 2021-жылдын 25-февралында болгон жыйынында “Бирге-Вместе” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды:
1. шайлоо боюнча Абылгазиев Манас Азизбековичтин,
2. финансы боюнча Моловодней Ирина Николаевнанын.
Чечим “Бирге-Вместе” саясый партиясынын кат жүзүндө кабарлоосунун негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 21-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
