3 шаардык кеңеште саясий партиялар үчүн тренингдер өттү
26 февраля 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго даярдыктын алкагында, Ош, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаардык кеңештеринде саясий партиялар үчүн тренингдерди өткөрдү.
Шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдердин сериясы, Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктүн алкагында уюштурулуп жатат.
2021-жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот, алардын ичинде 28 шаардык кеңеш, 420 айылдык кеңеш, 2020-жылы шайлоосу токтотулган 30 жергиликтүү кеңеш, 2020-жылы декабрда ыйгарым укугу аяктаган 386 кеңеш, 2021-жылдын майында ыйгарым укугу аяктай турган 32 кеңеш бар экендиги айтылды.
Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясый партиялар бир жыныстын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпай тургандыгын, ошол эле учурда саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкер аялдар менен эркектердин тизме катарындагы айырмачылыгы эки позициядан ашпашы керектигин эске алууга милдеттүү.
Шаардык жана айылдык кеңештер (статистикалык маалыматтар боюнча шайлоо өтө турган административдик-аймактык бирдиктеги калктын 1-январга карата саны боюнча):
- 6000ге чейин - 11 депутат;
- 6001ден 20000ге чейин - 21 депутат;
- 20001ден жогору - 31 депутат.
- шаардык кеңештер – мандаттардын саны 796, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлар Бишкекте – 45, Ошто – 45;
- айылдык кеңештер – мандаттардын саны – 7530.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү












