БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп ваканттуу депутаттык мандаттарды тапшырды

25 февраля 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 25-февралдагы жыйынында Жалал-Абад, Токтогул, Манас жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки депутаттарга берүү боюнча чечимдерин бекитти.

Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Жылдызбек Болотбековдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандат фермер Нурбек Таабалдиевге берилди.

Токтогул районундагы Э. Аралбаев айылдык кеңешинин депутаты Жылдыз Курманбаеванын ыйгарым укуктары бир жыл ичиндеги депутаттык жыйындарга төрт жолу себепсиз катышпагандыктан токтотулду. Ваканттык депутаттык мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Курманбек Масылбаевге берилди.

Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП партиясынан депутат Айбек Жолдошевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандат мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы Алманбек Осмоновго ыйгарылды.

Талас обулусунун Манас районундагы Май айылдык кеңешинин депутаты Болотбек Сагындыковдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде канааттандырылып, мандат орто мектептин мугалими Искендер уулу Рыскулбекке берилди.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылдык кеңешинин депутаты Нажимидин Рашитовдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандат фермер Максатбек Нажиевге ыйгарылды.

Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү