БШК КР ЖК депутаты Самат Гулнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
25 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы өз жыйналышында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
«Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Клара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 49 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункттуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Гульнара-Кларанын күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
