БШК КР ЖК депутаты Сабиров Максаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

25 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы өз жыйналышында «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Максат Эсеновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК өз чечимин «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Максат Эсеновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сабиров Максаттын күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү