БШК Таласта жана Токмокто жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү
24 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жана ишенимдүү, ачык шайлоолорду камсыз кылуу максатында, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде талапкерлер үчүн тренингдер сериясын баштады. Шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча окутуулар Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктүн алкагында уюштурулган.
Алгачкы тренингдер Талас жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештерде болуп өттү. Катышуучулар жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышуунун мыйзамдуу негиздери жана 448 жергиликтүү кеңештерде өтө турган учурдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.
Мындан тышкары талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жоболору, шайлоо кампаниясын каржылоонун жоболору, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жөнүндө маалыматтар берилди. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүнүн эрежелерине, шайлоонун талаш-тартыштарына, аларды кароонун жана чечүүнүн тартибине жана КР мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тартууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле КР БШК өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын “Электрондук талапкер”, тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүгө катышуучулардын жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтардын чагылдырылуусу боюнча маалыматтык ресурстар тууралуу кенен айтып беришти.
КР БШКсы тарабынан мындай тренингдер шайлоолорду уюштуруучулар менен талапкерлердин, саясий партиялардын ортосундагы кеңири диалогдор үчүн уюштурулган жана шайлоолор уюштурула турган бардык шаардык кеңештерде өткөрүлөт.











КР БШК Маалыматтык бөлүмү
