АШКларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо аткаруу мөөнөттөрү менен тапшырмалар берилди

16 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары менен он-лайн режиминде жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылдын 20-февралына чейин шайлоо округдарынын схемалары жана чектери иштелип чыгышы керектиги айтылды.

Ошондой эле 20-февралга шайлоочулар таанышуу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторуна илинет. Шайлоочулардын тизмесиндеги так эместиктер же каталыктар, шайлоочулардын тизмеде жоктугу (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо боюнча) тууралуу арыздарды кабыл алуу жана аны иштеп чыгуу 2021-жылдын 27-мартына чейин жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ар бир шайлоочу мамлекеттик порталдагы “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. https://tizme.gov.kg/

Шайлоочунун арызына берилүүчү жоопту тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы арыз келип түшкөн күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен кагаз же электрондук билдирүү түрүндө шайлоочу арыз берген учурда көрсөткөн дарекке жөнөтөт.

Кайрадан текшерүүдөн өткөн шайлоочулардын тизмеси участкалык шайлоо комиссияларына 2021-жылдын 7-мартына чейин тапшырылып жана шайлоочуларга таанышуу үчүн 2021-жылдын 12-мартына чейин илиниши керек. Тизмектелген, боолонгон жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү шайлоочулардын тизмеси эки нускада тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 6-апрелине чейин тапшырылып 2021-жылдын 8-апрелине чейин илинет.

Жолугушууда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын, ошондой эле добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга көңүл бурулду.

АШКлар социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулардын керектөө картасын түзүшөт. Прокуратура органдары 40 календардык күн ичинде ДМЧАлар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн текшеришет.

Аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылаары АШКлардын эсине салынды. Эгерде референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 11-апрелине дайындалса шайлоочулардын тизмеси өз-өзүнчө түзүлөт:

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн- шайлоочулардын өзүнчө тизмеси,

- референдум үчүн – шайлоочулардын өзүнчө тизмеси.

 

КР БШК Маалыматтык бөлүм.