2021–ж. 15-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
15 февраля 2021
Өткөрүү датасы: 15-февраль 2021-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Ноокат, Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунун , Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6.Ар түрдүү маселелер
