КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
09 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-февралдагы жыйынында тѳмѳнкүдѳй жумушчу топторду түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды:
- Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ;
- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу;
- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу.
Топтор «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттар да түзүлгѳн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоодо жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана айкындуулукту камсыз кылуу;
- талапкерлер үчүн тең жана адилеттүү шарттарды камсыздоо;
- үгүт жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укуктарын сактоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
- республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо, ошондой эле жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерин ачуу, жүргүзүү – талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларынын каражаттары боюнча отчёттуулукту эсепке алуу тартибин контролдоо.
Облустардын кураторлору – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссиясына жана алар түзгөн жумушчу топторго усулдук жардам көрсөтүлсүн деп буйрук берилди.
КР БШК маалымат бөлүмү
