БШК КР ЖК депутаты Гайпкулов Искандердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

09 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-февралындагы өз жыйналышында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гайпкулов Искандер Төрөбаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

«Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гайпкулов Искандер Төрөбаевичтин  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Гайпкулов Искандердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Гайпкулов Искандердин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК маалымат бөлүмү