Дүйнөлүк шайлоолор күнү менен куттуктоо
04 февраля 2021
Урматтуу кесиптештер – шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, КРнын БШКнын аппаратынын кызматкерлери, өнөктөштөр! Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү менен куттуктайт!
Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембиси Дүйнөлүк шайлоолор күнү катары белгиленет. Бул күн 2005-жылы сентябрда Венгрияда шайлоону уюштуруучулардын Глобалдык конференциясында бекитилген. Дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөнүн максаты, демократиялык жана эркин шайлоолордун баалуулуктарын коомдун аң-сезимине калыптандыруу, калктын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу, шайлоо процессиндеги жетишкендиктер жөнүндө коомчулукка маалымдоо.
Кыргыз Республикасында шайлоо Мыйзамдарын жана процесстерин кеңири реформалоонун натыйжасында жаңы шайлоо технологиялары киргизилди, шайлоочуларды каттоодо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын ачык-айкын, ишенимдүү эсепке алууга жетишип, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү жогорулады, ар кандай катмардагы шайлоочуларга, анын ичинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү камсыздалды жана тынымсыз өркүндөтүлүп турат, эркин жана атаандаштыктагы шайлоолорду өткөрүү жумуштары жакшыртылууда, шайлоо мыйзамдарын бузууларга натыйжалуу каршы туруу, шайлоонун жүрүшүндө орун алган шайлоо талаш-тартыштарын мыйзамдуу жана акыйкат чечүү, шайлоолордун укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу багытында алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Реформалардын учурдагы натыйжасы, бардык реформа жүргүзүүчүлөрдүн саясий эрки менен жигердүү жардамында мүмкүн болду: Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, мамлекеттик жана ЖӨАБ органдарынын, жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттер менен маалымат каражаттарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн.
Урматтуу достор!
Сиздердин шайлоону уюштуруудагы жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоодогу компетенттүү жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында жана ардактуу жарандык миссияны патриоттулук жана тырышчаактык менен аткарганыңыздар үчүн Кыргызстанда тынч, мыйзамдуу, ишенимдүү жана ачык-айкын шайлоолор камасыздалууда, бул өлкөнүн туруктуу, демократиялык өнүгүүсүнүн негизги маанилеринен болуп эсептелет.
Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө ден-соолук, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайт! Биздин мындан ары да биргеликте кызматташуубуз, Кыргызстандын жыргалчылыгына багытталат деген ишенимдебиз!
БШК КР