Шайлоонун дүйнөлүк күнү белгилөө алкагында БШКда Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
04 февраля 2021
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө алкагында БШКда Ачык эшиктер күнү өткөрдү.
Бул күнү БШКда коомчулуктун, биринчи кезекте, жаштардын Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жөнүндө кабардар болуусун арттырууга арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жаш шайлоочулар үчүн экскурсия уюштурулду.
КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова өлкөнүн шайлоо тутуму, демократиялык коомду калыптандырууда жаштардын ролу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын легитимдештирүүдө шайлоонун ролу, шайлоого катышуунун жол-жоболору, жигердүү жана пассивдүү шайлоо укугу жөнүндө айтып берди.
“Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарда белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. КР мыйзамдарына ылайык талапкерлерге жарандыгы, тили, отуруктуулук цензи, 30 миң колтамга боюнча шайланууга талаптар жана чектөөлөр коюлган. Ошондой эле жаш курагы боюнча талаптар бар: Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге 21 жаштан, Президентке 35 жаштан, соттолгондугу жана аракетке жөндөмдүүлүгү боюнча чектөөлөр бар”, - деди ал.
Анын айтуусунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын https://tizme.gov.kg/ порталына жайгаштырылган шайлоочулардын тизмесинде 3 563 574 жаран катталган. Анын ичинде 975 971 шайлоочу 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, 891 686 шайлоочу 30 жаштан 39 жашка чейинкилер.
“Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчөлүгү – шайлоочулардын тизмесинде жаштардын үлүшүнүн көптүгү. Учурда 18 жаштан 30 (кошо алганда) жашка чейинки 1 млн. 708 миң шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде турат”, - деп айтты КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулар көп санды түзүп, жаштардын шайлоо процессине жигердүү тартылуусу байкалууда.
“2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү 264 473 шайлоочуну түздү. Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүлгөн 2015-жылга салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү 762 257 шайлоочуну түздү. Шайлоочулардын санынын өсүшү калктын санынын табигый жактан өсүшүнүн жана шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча тынымсыз жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында болууда. Мында 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого шайлоочулардын 56,32%ы добуш берүүгө келген учурда жаштардын добуш берүүгө келүүсү болгону 41,56%ды түзгөн б.а. калктын жашы кыйла улуу бөлүгүнө салыштырганда жаштардын жигердүүлүгү 15%га аз болгон.
Үстүбүздөгү жылдагы Президентти шайлоо жөнүндо сөз кылганда 30 жашка чейинки шайлоочулар шайлоочулардын жалпы тизмесинде 33,12%ды же 1 166 869 адамды түздү. 10-январда жаштардын жигердүүлүгү республика боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгүнөн 11,72%га аз болду”, - деп белгиледи ал.
Н. Шайлдабекова Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык жаштардын шайлоого катышуу жана катышпоо жүйөлөрүн келтирди.
“Сурамжылоодо жаштар шайлоого катышуусунун төмөнкүдөй жүйөлөрүн айтышты: бул – ар бир жарандын милдети; өзү тандаган талапкерди колдоо зарыл же алардын добушу шайлоодо маанилүү, ал добуш шайлоонун натыйжаларына таасир эте алат деп эсептешет. Жаштар шайлоого катышпоо себептерин өз жашоосунда жана өлкөнүн турмушунда шайлоонун ролун түшүнбөгөндүгү, шайлоо тутумуна ишенбегендиги, шайлоо процесси жана талапкерлер тууралуу маалыматтын жоктугу жана партиялардын, талапкерлердин программаларында жаштар маселелеринин жоктугу менен түшүндүрүүдө”, - деп белгиледи ал.
Майрамдык иш-чаралардын катышуучуларына шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоочу заманбап технологиялар тууралуу айтылды. Жаш шайлоочуларга шайлоо күнү моделдештирилди, биометрикалык идентификациядан өтүү жол-жобосу, автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсү көрсөтүлдү.
Ошондой эле бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы ак ниет жана жемиштүү эмгеги, өз милдеттерин сапаттуу аткаргандыктары, 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү, Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун өнүктүрүүгө олуттуу салымы үчүн бийликтин мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн жана аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Ардак грамоталар менен сыйлады.
Бүгүнкү иш-чаралардын программасында Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясы менен онлайн-симпозиум бар, анда жаштардын шайлоо процессиндеги ролу талкууланат.
КР БШК маалымат бөлүмү
