Жергиликтүү  кеңештердин келечектеги депутатынын мектеби иштей баштады

29 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин келечектеги депутатынын мектебинин ишине катышты.

Мектептин максаты – жергиликтүү кеңештерде, айыл муниципалитеттеринде жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин дараметин ишке ашыруу үчүн  жагымдуу шарттарды түзүү. Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын колдоосу менен уюшулган Мектептин ишине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, ЖӨБ Бирлигинин өкүлдөрү  катышты.

“Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда өткөрүлгөн шайлоодо 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участогунда, ошондой эле орун-жайдан тышкары 1 398 888 шайлоочу же шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын  тизмелерине кирген 3 563 574 жарандын ичинен 39,26%ы идентификациядан өткөн.

Мында жалпысынан шайлоочулардын тизмесине киргизилген аялдардын саны шайлоочулардын тизмесине киргизилген эркектердин санынан көп: аялдар – 1 860 477, же 52,21%, эркектер – 1 703 097, же 47,79 %.

Бирок добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 703 097 эркектин санынын 733 213үн же 43,05%ын түздү. Аялдардын жигердүүлүгү эркектердин жигердүүлүгүнөн төмөн болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 860 477 аялдын санынын 665 675ин же 35,78 %ын түздү.

Шайлоочулардын  жаш курагы боюнча 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын арасында ар кыл жаш курактагы категориялардын дүң салмагы төмөнкүдөй: 18 жаш -1,88 %, 19-30 жаш – 19,18 %, 31-45 жаш – 30,99 %, 46-60 жаш – 30,62%, 60 жаштан жогору – 17,32%.

30 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын тизмесинде 31%ды же 1 173 063 адамды түзөрүн, бирок добуш берүүгө катышкандардын дүң салмагы 22 %ды же 294 675 адамды түзөрүн белгилей кетүү керек. Эгерде добуш берүүгө келген бардык курактагы шайлоочулардын орточо саны өлкө боюнча 39, 26  %ды түзсө, 30 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү 25 %ды түзөт же өлкө боюнча орточо алганда 15 %га аз.

Демек, шайлоо процессине катышуусун жигердештирүү боюнча аялдардын жана жаштардын арасында иш жүргүзүү зарыл”, - деп белгиледи КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова.

Иш-чаранын ачылышында жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкарууга жарандардын катышуусун күчөтүү үчүн жакшы жай болору айтылды. Аялуу топтордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү кеңештердин курамында аялдардын жана жаштардын катышуусу айрыкча мааниге ээ. Өзүн өзү төмөн баалоо, жамааттын айыптоосунан коркуу, өз билимине ишенбөө аялдардын жергиликтүү шайлоого солгун катышуусунун себептери болуп саналат. Жаштардын көйгөй маселелери башкада: алар кеңешке барууга даяр, бирок депутаттын иш-милдеттерин сапаттуу аткаруу үчүн алардын баштапкы билимдери жетишсиздик кылат, натыйжада жергиликтүү парламенттердеги жаштардын бөлүгү же бүлүндүргүч күчкө айланат же жашы кыйла улуу депутаттар манипуляция кылуучу топ болуп калат.

Шайлоо мыйзамдардын талаптарына, анын ичинде гендерлик теңчилик талабына ылайык өтсүн үчүн жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин сапаттык курамын арттыруу максатында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин келечектеги депутатынын мектеби уюшулду.

Мектептин алкагында катышуучулар КРдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдык негиздерин, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын жана иш-милдеттеринин бөлүштүрүлүшүн, ЖӨБ  органдарынын тутумун, ЖӨБдүн каржы-экономикалык негиздерин окуп-үйрөнүштү.

Лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, командада өз ара натыйжалуу аракеттешүү жана көйгөйлүү маселелерди өнүмдүү чечүү боюнча интерактивдер болуп өттү. Катышуучулар чыр-чатактуу жагдайларды түшүнө билүүнү жана чыр-чатактардан чыгуу ыкмаларын үйрөнүштү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү