Кыргызстанда жарандык билим берүү боюнча BRIDGE семинары ишин баштады

28 января 2021

2021-жылы 27-январда Ысык-Көл облусунда 5 күндүк BRIDGE семинары өтө баштады. Анын максаты – бүткүл Кыргызстан боюнча максаттуу аудиторияларга маалыматтык жана билим берүү өнөктүктөрүн даярдап, өткөрүүдө колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандагы шайлоо процессинин катышуучуларына жарандык билим берүү жана аларды агартуу тармагында эл аралык мыкты үлгүлөрдү көрсөтүү.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы Н. Шайлдабекова, КР БШК мүчөлөрү, шайлоочуларга жарандык билим берүү жана аларды агартуу маселелерин сүрөөнгө алган жарандык коомдун уюмдарынын жана университеттердин өкүлдөрү катышууда. Иш-чараны BRIDGEнин аккредитацияланган төмөнкү фасилитаторлору өткөрүүдө: БУУ ӨПнүн шайлоону колдоо боюнча техникалык кеңешчиси Юлия Шипилова, БУУ ӨПнүн эл аралык эксперт Татьяна Бибик, ошондой эле Латвиянын Борбордук шайлоо комиссиясын 22 жылдан ашык жетектеген, ардактуу чакырылган спикер – Арнис Цимдарс.

Семинар Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен өткөрүлүүдө. Семинарда мамлекеттик саясат тармагында маалыматтык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле шайлоочуларды агартууга жана жарандык билим берүүгө узак мөөнөттүү стратегиялык мамиленин артыкчылыктарын алга жылдыруу максатында жарандык билим берүүнүн жана шайлоочуларды агартуунун ар түрдүү концепциялары жана жолдору чагылдырылууда.

Катышуучулардын ар түрдүү тармактардагы тажрыйбалары көйгөйлүү маселелерди ар тараптуу кароого жана жакынкы айларда жана узак мөөнөттүү келечекте шайлоочуларга жарандык билим берүү жана аларды агартуу тармагында мындан ары ийгиликтүү кызматташуу үчүн өнөктөштүк мамилелерди жолго салууга мүмкүнчүлүк берет.

Өнүгүүнүн демократиялык жолун тандоо менен Кыргызстан жарандык-укуктук аң-сезимдин жогорку деңгээлин, демократиялык идеалдарга жана баалуулуктарга берилгендикти, жарандык катышуунун укуктук механизмдеринин бардык комплексин колдонуу менен биздин өлкө өткөн тарыхый жолду эске алып, мамлекеттик бийликти уюштуруунун процесстерин түшүнүүнү талап кылган планканы жогору көтөргөнү белгиленди. Тутумдук жарандык билим берүүнүн натыйжасында ал баалуулуктарды калыптандырууга жана көндүмдөргө жетүүгө мүмкүн.

BRIDGE – бул бүт дүйнөдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан шайлоо чөйрөсүндөгү уникалдуу билим берүүчү эл аралык программа. Ал демократия жана башкаруу тармагындагы жетектөөчү беш уникалдуу уюм (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП), Бириккен Улуттар Уюмунун шайлоолорго көмөктөшүү бөлүмү (UNEAD), Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES), Демократия жана шайлоолорго көмөктөшүү эл аралык институт (IDEA) жана Австралия шайлоо комиссиясы (AEC)) биргелешип, дараметти өнүктүрүүнүн кыйла кеңири түзүмүндөгү инструмент катары пайдалануу үчүн арналган комплекстүү окуу программаларын жана семинарлардын сериясын иштеп чыгуу, киргизүү жана колдоо боюнча милдеттенмелерди өз колуна алган демилге болуп саналат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү