БШК жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси 2021-жылга кызматташуу планын талкуулашты

22 января 2021

КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо процессинин убагында бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн натыйжалуу окутууга көмөктөшкөнү үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин (ЕККУ ПО) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Шайлоону жана референдумду адилеттүү жана тынч өткөрүүдө БШК гана эмес, бардык мамлекеттик органдар жоопкерчилик тарта турганын түшүнүү зарылдыгы белгиленди.

Атап айтканда, алдыдагы шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө өкмөт тарабынан укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү аркылуу администрациялык ресурсту пайдаланууну жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жоюу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөөрү айтылды. ИИМдин, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен БШКда түзүлгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) акыркы шайлоолордун жүрүшүндө бузуулар  жөнүндө билдирүүлөрү боюнча иштөө жаатындагы тажрыйбасы өзүнүн натыйжалуулугун жана өз убагында түзүлгөнүн көрсөттү.

ЕККУ ПО 2021-жылы ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБдун (БДИПЧ) эксперттерин тартуу менен ар түрдүү темада, анын ичинде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча дискуссия аянтчаларын түзүүгө БШКга көмөктөшүүнү мерчемдөөдө, кибер коопсуздукту камсыздоого көмөктөшүү мерчемделди.

ЕККУ ПО жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны коргоо механизми жөнүндө ченемдердин натыйжалуулугу жаатында көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө жарандык секторго колдоо көрсөтүүнү мерчемдөөдө.

ЕККУ ПО КР БШКнын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга ЕККУ ПО тараптан колдоо көрсөтүлдү. Стратегияда каралган мыйзамдардагы өзгөртүүлөр акыркы шайлоолордун жана референдумдун жүрүшүндө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, ошондой эле шайлоо процессинин убагында мамлекеттик органдардын өз ара  жемиштүү аракеттешүүсунө түрткү болду.

КР БШК маалымат бөлүмү