КР БШК төрагасы КРдагы ПРООНдун Туруктуу өкүлү Л. Чемберлен менен жолугушту
21 января 2021
Жолугушуунун негизги максаты – 2021-жылга карата Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо боюнча ПРООН долбоорун мындан ары да ишке ашыруу пландарын талкуулоо болду.
БШК төрагасы 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана башкаруу формасын аныктоо үчүн КР референдумунун негизги жыйынтыктары тууралуу, ошондой эле шайлоо комиссиясынын алдында турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көрүлө турган даярдыктардын алкагындагы милдеттер жөнүндө айтып берди.
Кыргызстандагы акыркы убактарда болуп өткөн коомдук-саясый окуялар аймактарда жарандык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууну кеңейтүү аракеттерин күчөтүү зарылдыгын күбөлөп турат. Ушуга байланыштуу жарандык билим берүү, агартуу жана маалымат берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ПРООН менен өз ара иштешүүнүн перспективалары талкууланды.
Л.Чемберлен жарандык билим берүү – бул узак мөөнөттүү процесс экендигин ага жаранды курчап турган бардык деңгээлдер: үй-бүлө, жергиликтүү жана борбордук бийлик, диний түзүмдөр, жарандык коомдун уюмдары, ЖМК жана башка көптөгөн түзүмдөр киришүүсү керектигин белгиледи. Буга карабастан, БШК маалыматтык кампанияны борбордук деңгээлде салт болуп калган ЖМКларды колдонуу менен өткөрүп келет, мындай ишмердүүлүктү аймактарда кеңейтүү менен дагы көп аудиторияны камтуу үчүн көзмө-көз жолугушуу форматында өткөрүү зарылдыгы бар экени айтылды. Ушуга байланыштуу китепканалар өлкөнүн бардык аймактарында жарандык билим берүүнүн борборлору боло алышат эле.
Тараптар ПРООНдун долбоорунун алкагында төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенүү үчүн туруктуу жолугушууларды өткөрүү боюнча түшүнүүгө жетишишти:
- Жарандык билим жана шайлоочуларды агартуу;
- Кампанияны финансылоонун ачыктыгы;
- Шайлоого аялдардын жана жаштардын катышуусу;
- Чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу;
- Шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо;
- Шайлоолордун коопсуздугу;
- Киберкоопсуздук;
- Шайлоо талаш-тартыштарын чечүү.
