БШК бир катар шайлоо участокторунун УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен урнанын жанында турууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүүнү жүргүзөт

20 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйналышында участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө «Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине 2021-жылдын 15-январында «Клооп Медиа» КФнын даттануусу түшкөн. Анда айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч камтылган.

Ал даттануу Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ тарабынан изилденди, жыйынтыгы боюнча айрым шайлоо участокторунун УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен добуш берүү үчүн урналардын жанында туруусу жаатында, стационардык урналарды пайдалануу жана урналарды пломбалоо, байкоочулардын шайлоо укуктары тууралуу түшүндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Маселени калыс кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышына «Клооп Медиа» КФ өкүлү Якупбаева Ф., ошондой эле кызыкдар тараптар чакырылды.

Даттанууну кароодо «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан айрым шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бөлүгүндөгү такталган даттануудагы көрсөтүлгөн талаптарынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26, 30-пункттарына ылайык “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, текшерүүлөрдү жүргүзөт жана алар боюнча шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.”

Баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө «Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

БШК УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен добуш берүү үчүн урналардын жанында туруусу жаатында, стационардык урналарды пайдалануу жана урналарды пломбалоо, байкоочулардын шайлоо укуктары тууралуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдерин бузууга жол берилбестик жөнүндө кээ бир УШК мүчөлөрү үчүн түшүндүрүүлөрдү өткөрүүнү аныктады.

Ошондой эле жыйналышта 7149, 7401, 7288, 5288 УШКларында, Ош АШКсында даттанууларды кароо мөөнөттөрүн бузуу,  добуш берүүнүн купуялыгын жана добуш берүүнү уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестик бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдерин бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү берилди.

КР БШК маалымат бөлүмү