2021–ж. 20-январындагы өтө турган КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунун күн тартибинин долбоору
20 января 2021
Өткөрүү датасы: 20-январь 2021-ж.
Убактысы: 19:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Нурбек кызынын арызы жөнүндө
(баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
2. "Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комисияларынын иш-аракеттерине карата даттануусу жөнүндө
(баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
3. "Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комисияларынын иш-аракеттерине карата даттануусу жөнүндө
(баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4."Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комисияларынын аракетсиздигине карата даттануусу жөнүндө
(баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жалпы маалыматы
(баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумун даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарынан чыгымдардын сметасын аткаруу тууралуу алдын ала маалымат жөнүндө
(баяндамачы – Баатырова Г.М., КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси)
9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Баатырова Г.М., КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси)
10. Ар түрдүү маселелер
