ЕСтин өткөн президенттик шайлоо жана референдум боюнча билдирүүсү

12 января 2021

Европа Союзу 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында болуп өткөн тартипке салынган жана жакшы уюштурулган президенттик шайлоонун өтүшүн, өзгөчө КОВИД-19 пандемиясынан чыккан проблемаларга карабай өткөнүнө жакшы көз карашын билдирет.

Муну менен бирге ЕККУ ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык миссиясынын алдын ала бүтүмү жана корутундулары боюнча, талапкерлер үчүн тең эмес шарттар болгону, административдик ресурстар колдонулганы жана агитациянын процедуралары бузулганы анык болду. Шайлоочулардын катышуусу да салыштырмалуу төмөн болду. Кыргызстандын бийлиги мындан ары да ЕККУ ДИАУБдун сунуштарына ылайык, шайлоо жөнүндө улуттук мыйзамдарын өркүндөтүүлөрү керек.

Президенттик шайлоо республиканын стабилдүүлүккө кайтышынын маанилүү кадамы. Кыргыз Республикасынын мурдатан келе жаткан өнөктөшү катары Европа Союзу мурдагыдай эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү алдыга жылдырууну, эффективдүү мамлекеттик башкарууну, укук үстөмдүгүн жана коррупцияга каршы күрөшүүдө колдой бермекчи. ЕС болочоктогу президентти коомчулуктун бардык катмары менен иштешүүгө жана мындан ары да КРдин адам укуктары жана негизги эркиндиктери боюнча универсалдуу милдеттенмелерин бекемдөөнү, ошондой эле өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин сактоого чакырат.

Саясий системанын келечеги жөнүндө референдумда кыргыз шайлоочулары башкаруунун президенттик моделин киргизүүнү колдошту. Жаңы Конституция президенттик система демократиялык принциптерди эл аралык милдеттенмелер менен бирге сактай тургандыгына кепилдик бериши керек. Жаңы долбоор боюнча жүрүп жаткан талкуулар ачык-айкын болуш зарыл. ЕС парламенттик шайлоону тезирээк өткөрүүгө чакырат.

Ушул максат менен ЕС ЕККУ ДИАУБ менен мындан ары кызматташууга чакырып, инклюзивдүүлүктү жана плюрализмди сыйлоонун, анын ичинде жарандык коом менен диалог аркылуу сыйлоо зарылдыгын эске салат.