БШК айрым шайлоо участкаларындагы референдумда (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды
20 января 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы отурумунда айрым шайлоо участкаларындагы референдумдун (мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн) жыйынтыктарын жокко чыгарылганын таану токотому кабыл алынды.
КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы № 3/ОД буйругу менен аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ түзүлгѳн, ага 54 аймактык шайлоо комиссияларынан, анын ичинде 2474 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдор келип түшкѳн.
Участкалык шайлоо комиссияларынан Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдорду кабыл алууда аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31, 35, 37-беренелеринин талаптарынын бузулгандыгы аныкталган.
Аймактык шайлоо комиссиялары 9 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери идентификациялык чектери жок берилгендигин белгилеген. Ушуга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 9 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу, бузууларга жол берген тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу боюнча чечим кабыл алынган.
Ош шаарындагы № 5555 участкалык шайлоо комиссиясынын аракеттерине коомдук байкоочулардын 4 арыз (даттануу) түшүп, текшерүүлѳрдүн натыйжасында аларда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар аныкталган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31, 37, 43, 44, 45-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Аймактык шайлоо комиссиялары 9 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери идентификациялык чектери жок берилгендигин белгилеген Нарын шаардык, Ош, Араван, Ысык-Ата, Лейлек жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери эске алынып:
- Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 11 чечими менен № 4064 шайлоо участкасында;
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 15-1 чечими менен №5901 шайлоо участкасында;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 73 чечими менен № 5584 шайлоо участкасында,
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 33 чечими менен № 5493 шайлоо участкаларында,
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 4 чечими менен № 7087, 7131 шайлоо участкасында,
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 37 чечими менен № 8004 шайлоо участкасында,
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы №30 чечими менен №8113, 8116 шайлоо участкасында
алынган чечимдер жокко чыгарылды деп таанылган.
КРнын БШКсы № 5555 Ош шаардык участкалык шайлоо комиссиясындагы референдумдун (мөөнөтүнөн мурда шайлоонун) жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана № 5555 Ош шаардык участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жѳнүндѳ маселени кароону Ош аймактык шайлоо комиссиясынна милдеттендирилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
