КР БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо

17 января 2021

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34, 35-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо.

2021-жылдын 17-январына карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөр протоколдорун тапшырды:

- Ош облусу  (Чоң-Алай, Алай, Араван, Кара-Суу);

- Талас облусу  (Манас, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата);

- Жалал-Абад облусу  (Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал);

- Нарын облусу  (Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы);

- Ысык-Көл облусу  (Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз);

- Чүй облусу  (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок);

- Баткен облусу  (Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Сүлүктү).

Тапшыра элек АШКлар:

- Бишкек ш.;

- Ош ш.;

- Ош облусу  (Кара-Кулжа, Ноокат);

- Талас облусу  (Талас шаардык);

- Жалал-Абад облусу  (Базар-Коргон, Жалал-Абад, Ноокен, Токтогул);

- Нарын облусу  (Ак-Талаа);

- Ысык-Көл облусу  (Ысык-Көл, Түп, Тоң);

- Чүй облусу  (Ыcык-Ата, Москва);

- Баткен облусу  (Кадамжай).

Төмөнкү шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылды (жокко чыгарылды):

АШКнын аталышы

УШК №

Шайлоо өнөктүгү

Себептери

 

7

8

 Референдум-7

Президенттик-4

добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүк менен белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербей турган бузуулар орун алды

1

Ош шаардык

5901

Референдум

2

Кара-Суу

5584

Референдум

3

Араван

5493

Президенттик жана референдум

1

Нарын шаардык

4064

Референдум

2

Нарын

4037

Президенттик

1

Лейлек

8004

Президенттик жана референдум

 

2

 

Кадамжай

 

8113

 

Референдум

8116

Президенттик жана референдум

 

Маалымат үчүн:

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт.

Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда аймактык протоколдун мазмуну менен макул эмес шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коет.

Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.

- Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо – добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн б.а. 2021-жылдын 24-январынан (кошо алганда) кечиктирбестен) шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

КР БШКнын маалымат бөлүмү