КРнын БШКсынын call-борборуна добуш берүү күнү 580 чалуу болду
КРнын БШКсынын call-борборуна добуш берүү күнү 580 чалуу болду
10 января 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүү күнү call-борборго шайлоочулардан 580 чалуу болгон.
2021-жылдын 4-9-январь күндөрү 1 255 чалуу кабыл алынган.
Call-борбор Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна тиешелүү жарандардын суроолору үчүн ачылган.
Call-борбордо КРнын БШксынын кызматкерлери жана сырттан адистер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тартылды.