КР БШК төрайымы чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынан эл аралык байкоочулар менен жолугушту

09 января 2021

Чет өлкөлөрдөн келген шайлоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда БШК төрайымы Н. Шайлдабекова дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыгына карабай алар Кыргызстанда өтүп жаткан демократиялык процесстерге катышып, президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүп жатышкандыгына ыраазылыгын билдирди. КР БШКсы муну мурдагы эки кампания ийгиликтүү өткөндүктөн, чет элдик кесиптештердин колдоосу жана кызыгуусу деп билет. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча чет элдик байкоочулардын Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштары менен пикирлери шайлоо системасынын жакшыруусуна гана жардам берет.

Чет элдик БШКлардын өкүлдөрү шайлоого жана референдумга даярдануунун деңгээли жогору болгондугун белгилешти.

Өзбекстандын БШКсынын төрагасынын орун басары Махмуд Истамов пандемия шартында шайлоого жана референдумга даярдык жогорку деңгээлде болгондугун айтты. Өзбекстандан байкоого 38 өкүл катышып жатат, алар Кыргызстандын аймагында да мониторинг өткөрүп жатышат. М. Истамов өз сөзүндө Кыргызстандын шайлоо системасы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн үлгү болуп эсептелээрин билдирди.

Азербайжандын БШК мүчөсү Аскеров Бахшеиш Мамед оглы шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. “Алдын ала байкоолордун жыйынтыгынан биз КР БШКсы шайлоолор мыйзамдарга ылайык өтүүсүнө бардык күчүн жумшагандыгын көрүп жатабыз” деп кошумчалады.

Молдованын БШКнын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Сирбу Родика шайлоо менен референдум ийгиликтүү өтүшүн каалады. “КР БШК командасынын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү шайлоону жана референдумду жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзүп жатат”. Молдова БШКнын өкүлү Кыргызстан менен Молдованын шайлоо органдарынын ортосундагы достук карым-катышты жемиштүү өнүктүрүүгө үмүттөнө тургандыгын биодирди.

Казакстандын БШК төрагасынын кеңешчиси Максатхан Анапин президенттик шайлоо жана референдум мыйзамдарга ылайык өтүшүн каалады. “Добуш берүүнүн жыйынтыгы процесстин бардык катышуучуларынан көз каранды. Региондогу башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандын шайлоо системасы көп жагынан алдыда”, - деп сөзүн бүтүрдү ал.