Ислам кызматташтыгы уюмунун эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуу болуп өттү
10 января 2021
Ислам кызматташтыгы уюмунун (ИКУ) элчиси Гутали Али өз сөзүндө ИКУ Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жана акыйкат шайлоолор өтүшүнө терең маани берерин билдирди.
ИКУ миссиясы мындан мурда Кыргыз Республикасындагы шайлоонун өтүшүнө мониторинг жасаган, идентификациялоо жана добушту саноо үчүн автоматтык системаны колдонуу жолу менен шайлоо процессинин ачык, добуш берүүнүн жыйынтыгы ишенимдүү болушун камсыздаган Кыргызстандын шайлоо системасынын жетишкендигин ал жогору баалайт.
"Добуш берүү күнү биздин миссия бул система иш жүзүндө кандай иштээрине байкоо жүргүзөт".
БШК жетекчиси Н. Шайлдабекова дүйнөдөгу эпидемиологиялык кырдаалга карабай Кыргызстандагы демократиялык процесстерге катышып, шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүп жаткан эл аралык байкоочуларга ыраазылыгын билдирди. Мониторингдин жыйынтыгы менен эл аралык байкоочулардын сунуштары жана пикирлери эске алынып, алар биздин шайлоо системабыздын өркүндөтүлүшүнө жардам берет.
