Жымжырттык күнү КР БШК сайтын 111 миңден ашык көрүү болду

10 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча кечээ – 2021-жылы 9-январда – “жымжырттык күнү” КР БШК сайтында 27 736 уникалдуу пайдалануучунун  111 124 көрүүсү катталды.

2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейинки мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтын 149 897 уникалдуу пайдалануучу 765 722 жолу көрүп чыкты.

Ошондой эле талапкерлер тууралуу маалымат (өмүр баяндары, программалары, шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы) жайгашкан https://talapker.shailoo.gov.kg ресурсуна дагы кызыгуу байкалат.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 1-декабрынан бүгүнкүгө чейин бул ресурсту 43 752 жолу көрүп чыгышты, анын ичинде 8-январда – 4 604 жолу, 9-январда – 5 786 жолу көрүштү.

КР БШК маалымат бөлүмү