Саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө 2 498 кыргызстандык добуш берди

10 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн 2 498 кыргызстандык добуш берди.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 49 479 жаранды түзөт.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4- октябрына салыштырганда  16 877 жаранды (же 52%) түздү.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 36 шайлоо участогу болгон.

КР БШК маалымат бөлүмү