Добуш берүүчү жайдан тышкары жайда 18 605 шайлоочу добуш беришти

10 января 2021

Кечээ 9-январда, Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары жакта 18 605 шайлоочу өз добуштарын беришти.

Добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 21 433 шайлоочудан арыз түшкөн. Ошентип шайлоочулардын 86,5% эрк ниеттерин добуш берүү жайдан тышкары ишке ашырышты.

Арыз берип бирок добуш бербегендер – 2 828 адам, анын ичинен 1 008 адам участкалык комиссиялардын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болушкан эмес, башкалары дагы башка түрдөгү себептер менен добуш беришкен эмес.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары төмөнкү шайлоочулар добуш бере алышат:

  • Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар;
  • Добуш берүү күнү ооруканаларда,
  • шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, убактылуу жүргөн ордунда добуш беришет:

  • добуш берүү күнүнө обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан, аскер кызматкерлери;
  • добуш берүү күнүндө кызмат өтөп жатышкаг ички иштер органынын кызматкерлери;
  • тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;
  • үй камагында турган референдумдун катышуучулары, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса.

Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 08:00дон 20:00го чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.

КР БШК Маалыматтык бөлүм