Кыргызстанда шайлоочулардын негизги бөлүгү – жаштар

10 января 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын https://tizme.gov.kg/, порталында жайгашкан шайлоочулардын тизмесинде 3 563 574 жаран катталган.

Анын ичинен 975 971 шайлоочу 18 жаштан 29 жашка чейин, 891 686 шайлоочу – 30 жаштан 39 жаш курагында.

Эң аз сандагы шайлоочулар – 175 400 же 4,92% менен 70 жаштан ашкан жарандар.

«Кыргызстандагы шайлоолордун бул жолку өзгөчөлүгү – шайлоочулардын тизмесинде жаштардын өтө чоң бөлүгү. Азыр шайлоочулардын тизмесинде 18 жаштан 30 жашка чейинки 1 миллион 708 миң шайлоочу бар» - деп айтты КРнын БШКсынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова.

КР БШК Маалыматтык бөлүм