Добуш берүү күнү шайлоо комиссияларынын 31 миңден ашуун мүчөсү иштейт

10 января 2021

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна шайлоо участкаларында 650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана 31 119 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү иштейт.

5 700 автоматтык эсептөөчү урна, 6 700 идентификация боюнча жабдуу колдонулууда. Баардык маалыматтык системалар кадимки режимде иштеп жатат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын БШКсы системанын үзгүлтүксүз иштешин жана системанын администраторлорунун киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча окутуу иш-чараларын өткөргөн. Аймактык шайлоо комиссияларынын 59 системдик администраторлору, шайлоо участкалык комиссияларында автоматтык эсептөөчү урнаны иштетүүчү 5000ге жакын, 6 900гө жакын идентификациялоочу операторлору окутулду.

Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 6-январында автоматтык эсептөөчү урналардын сигнал кабыл алуусун тестирлөөдөн өткөрдү. Тестирлөө учурунда ыкчам маалымат берүү натыйжалуулугу 95%га чейин көтөрүлдү.

Ошол эле учурда республика боюнча 11 шайлоо участкалары бийик тоолу жана алыскы интернет байланышы жок жерлерде жайгашкан. Булар Аксу районундагы Эңилчек айылы жана Баткен областындагы Зардалы айылы, Жалал-Абад областынын Сузак районунда, Ош областынын Кара-Кулжа жана Ноокат районунда ушул сыяктуу алыскы аймактар бар.

 

КР БШК Маалыматтык бөлүм