БШК башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевге айып пул салды

09 января 2021

БШКнын 2021-жылдын 9-январындагы №11 чечимине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан чыгаруу маалыматтарысыз жана референдум фондунан алдын ала акы төлөөсүз үгүт материалдарын тараткандыгы үчүн башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевге карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренеси боюнча иш каралды, IV категориядагы 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Маалымат үчүн:

Мурда Борбордук шайлоо комиссиясына башкаруунун президенттик формасын колдогон, чыгаруу маалыматтары көрсөтүлбөгөн үгүт материалдары жарнак автомобилдеринде таратылгандыгы жөнүндө арыздар түшкөн.

Жыйналышта башкаруунун президенттик формасына “макул” №3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн микроавтобустарды ижарага алуу жөнүндө келишим 2020-жылдын 30-декабрында түзүлгөнүн, келишимдин шарттарына ылайык акы келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткаргандан кийин ар бир автотранспорттун километраждары боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугун түшүндүрдү.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык көрсөтүлгөн берененин талаптарын бузуу менен тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала акы төлөөсүз үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.