БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту
09 января 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Түркиянын Улуттук жыйынынын депутаты Режеп Шекер башында турган Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту.
Боршайкомдун башчысы чет элдик кесиптештерге алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо референдумуна жүрүп жаткан даярдыктар жөнүндө, шайлоо процесси мезгилинде орун алган бузуулардын деңгээли төмөндөгөнүн белгилеп маалымат берди.
“Учурдагы өнөктүктүн жүрүшүндө, сатып алуучулукка жана административдик ресурстарды колдонууга каршы күрөшүү бардык мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу багыты болуп калды, анткени мындай укук бузуулар парламенттик шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетинин натыйжаларын бурмалоочу фактор болуп калды”- деди ал.
Шекер Режеп Президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өтүшүн каалады.
“Шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын кызыкчылыгы бир болушу керек – мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүшү. Боордош Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз”, - деди ал.
ТүркПА башкы секретарынын орун басары Наурыз Айдаров, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулганына күбө болдук деп белгиледи.
“Кыргызстанды 1994-жылы демократиянын “аралчасы” деп аташкан, ошол жылдары Кыргызстанга келгенде тунук урна колдонулганын алгачкы жолу көрүп ынанганбыз. Катышуучулар алдыдагы шайлоолорду жана референдумду саясий маданиятты жана этикалык нормаларды карманып өткөрүүсүнө тилектешпиз”, - деди ал.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
