КР БШК төрагасы коомдук байкоочулар менен жолугушту
08 января 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында анын төрайымы Н. Шайлдабекова менен, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна мониторинг жүргүзүүгө каалоосун билдирген коомдук байкоочулардын жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган мезгилден бери 13 коммерциялык эмес уюм Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө жарандык мониторинг жүргүзүү ниети бар экендигин билдиришкен. 2021-жылдын 7-январына карата дагы 5 коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын референдумуна байкоо жүргүзүү боюнча чечимин кабарлашкан.
“Кыргызстандын шайлоо модели шайлоолордун ишенимдүүлүгүн камсыз кыла алат. Биздин шайлоочуларды идентификациялоочу технологиялар, автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу добуштарды эсептөөлөр шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кыла алуусун биз баалай турган убакыт да келет. Бул шайлоо системасын реформалоонун маанилүү жетишкендиги. 2021-жылдын 10-январында добуш бере турган күнү 2 миң 474 участок иштейт. Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катыша алат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулар 537 804 адамга көбөйгөн. Өткөн жылдын октябрь айында болгон парламенттик шайлоого салыштырмалуу тизме 40 020 шайлоочуга көбөйгөн”, - деди Н. Шайлдабекова.
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого Кыргызстандын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу түзүлүп, алар дүйнөнүн 28 мамлекетинде жайгашкан. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дүйнөнүн 26 мамлекетинде 36 шайлоо участогу ачылган. 2021-жылдын 2-январына карата чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесиндеги жарандардын жана референдумдун катышуучуларынын саны 49 479.
Талапкерлер боюнча КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 65 адамдан талапкерлигин көрсөткөндүгү боюнча арыз түшкөндүгү айтылды. Алардын ичинен 18 КР БШКсы тарабынан КР Президенти кызматына талапкер катары катталган, 1 талапкер катышуудан баш тарткан.
Боршайком бардык каалоочулардын программалар менен таанышуусун https://talapker.shailoo.gov.kg// маалыматтык порталы аркылуу түзүп берген. Анда алдыда турган шайлоого катталган талапкерлердин программалары жана финансылык отчеттору жайгашкан. Ал жактан ар бир талапкер тууралуу жалпы маалымат алууга да болот. Шайлоонун маанилүү жагдайы, талапкерлердин финансылоо булагын ачыктап, ошондой эле чыгашалардын бардыгын көрсөтүү менен финансылык отчетторун жарыялашы болуп эсептелет.
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин шайлоо фонддорун финансылоого байланыштуу шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун жобосуна, шайлоо фонддорунун каражаттарын чыгымдоого жана эсептөөгө бирдей ыкмалар кирип, ошондой эле акчадан кайрымдуулук кылууга тыюу салынган жана финансылык отчетторду БШК сайтында милдеттүү жарыялоо киргизилген.
Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүнө байланыштуу Боршайком тарабынан туруктуу негизде ден соолугунан кемтилгеси бар шайлоочулардын Керектөө карталары түзүлүп, алардын иш жүзүндөгү саны боюнча эсеби алынып, атайын форматтарды колдонуу менен аларга маалымат берүү иштери уюштурулуп турат.
Азыркы учурда КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында кемтилгеси бар шайлоочулардын Керектөө карталары жаңыртылды.
2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо пандустар менен шайлоо участокторунун үч бөлүгүнүн бири гана жабдылган, алардын 10 пайызы гана КРдагы СНиПтин талабына туура келген. Өткөн жылдын февралында пандустар менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 43 пайыз, августта 65,7 пайыз, сентябрда 79 пайыз, декабрда 83,4 пайызга жеткен.
Жолугушууда коомдук байкоочулар жиберип жаткан маалыматтарды иликтеп жаткан Ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун (ЫАККТ) ишмердиги жөнүндө да айтылды.
“Өткөн шайлоо кампаниясынын сабактарын эске алып, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча иштер - шайлоону жана референдумду даярдап өткөрүүдө мамлекеттик органдардын эң негизги иштери болуп калды. Борбордук ЫАККТ менен аймактык ЫАККТтардын өз ара иштешүүсү күнүгө жүрүп турат. БШКда өз ара аракеттенүү борбору – ЫАККТ катчылыгы түзүлгөн, ал түшкөн сигналдарга анализ жасап, маалыматтарды райондук жана шаардык ЫАККттарга аларды ыкчам текшерүү жана мыйзамга ылайык тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн жиберип турат”, - деди БШК төрайымы.
Мындан тышкары Боршайком төрайымы бир катар маалыматтык ресурстар шайлоо процессинин түрдүү жактары боюнча ар кандай маалыматтарды берип турары жөнүндө айтты.
КР БШК расмий сайты - https://shailoo.gov.kg/ учурдагы окуялар, шайлоо процесси, жыйындар, жоболор, КР БШК курамы жөнүндө маалыматтарды берет. Сайттын негизги максаты – шайлоочуларды, шайлоо комиссияларын, саясый партияларды, мамлекеттик бийлик органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык жактан колдоо үчүн маалыматтык-технологиялык чөйрөнү түзүү болуп эсептелет.
Маалыматтык шайлоо системасы – http://ess.shailoo.gov.kg/ өткөн жана азыркы шайлоолордогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берет.
Добуштарды кол менен саноо протоколун жана идентификациянын жыйынтык отчетун графикалык чагылдарган сайт - http://protocol.shailoo.gov.kg/ өткөн жана азыркы шайлоолордогу АСУнун жана добуштарды кол менен саноонун сканирленген протоколун алууга жол ачат.
“Тизме” порталы - https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын тизмесин облустар боюнча, гендер, жаш курагы боюнча маалыматтарды камтыйт. Мында шайлоо убагында күндө, ал эми шайлоолор аралыгында ай сайын жаңыртылып турган шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика жайгашкан. Ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электораттын чөйрөсүнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм да бар.
Шайлоо участокторунун картасы - https://shailoo.gov.kg/kg/map/, https://shailoo.gov.kg/ru/map/ шайлоочуларды чек аралар, картадан визуалдуу көрүү менен шайлоо участокторунун борборлору менен тааныштырат.
Даттануулар жана арыздар ресурсу - https://shailoo.gov.kg/kg/registry/ ачык негизде шайлоо комиссияларына (БШКга, АШКга, УШКга) берилген арыздарды, алар боюнча кабыл алынган чечимдерди жана сот актыларын жайгаштырат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү







