«Эл коррупцияга каршы!» КБ КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу КР БШКга билдирди
08 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-январындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмесинен келип түшкөн билдирүүсүн эске алууну чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 6-январындагы билдирмесинин негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
