Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
08 января 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-январындагы жыйынында, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-январында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында болуп өткөн айыл өкмөт башчысын кайрадан шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 4-январдагы протоколун бекитүү токтомун кабыл алды.
2021-жылдын 4-январында КР БШКсы тарабынан 2020-жылдын 21-декабрында №4860токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өткөн. Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер катталган, ал жергиликтүү кеңештен көрсөтүлгөн Урматбек Искаков эле. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 4-январындагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүгө Светлая Поляна айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 катышып, У. Искаков 10 добушка ээ болду. "Каршы" эч ким добуш берген эмес.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 4-январдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколу аркылуу Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп У. Искаков шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эч кимден арыз, даттануулар түшкөн эмес. Чечим Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо боюнча добуштардын жыйынтыгы боюнча протколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды.
БШК Маалыматтык бөлүмү
