КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого БШКда 8 коммерциялык эмес уюмдан 16 коомдук байкоочу катталган
07 января 2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо дайындалган учурдан тартып тѳмѳндѳгү 13 коммерциялык эмес уюм 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде жарандык мониторинг жүргүзүү ниети жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясына билдиришкен:
|
№ |
Коммерциялык эмес уюмдардын аталышы |
БШКдагы коомдук байкоочулар |
|
1. |
«Жалпы иш» коомдук фонду |
3 |
|
2. |
«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» коомдук бирикмеси |
3 |
|
3. |
«Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмеси |
3 |
|
4. |
«Эгль» коомдук фонду |
2 |
|
5. |
«Жарандык демилгелер» коомдук фонду |
2 |
|
6. |
«Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмеси |
1 |
|
7. |
«Агентство социальных технологий» коомдук бирикмеси |
- |
|
8. |
«За международную толерантность коомдук фонду |
- |
|
9. |
«Оказание юридической помощи инвалидам» коомдук фонду |
- |
|
10. |
«Коомар Медиа» коомдук фонду |
- |
|
11. |
«Kloop Media» (Клоп Медиа) коомдук фонду |
1 |
|
12. |
«Тынчтык фонду» коомдук фонду |
1 |
|
13. |
«Убакыт-Время» коомдук бирикмеси |
- |
Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде жогоруда кѳрсѳтүлгѳн коммерциялык эмес уюмдардын 8 уюму Борбордук шайлоо комиссиясында 16 коомдук байкоочуну катташкан.
Ошондой эле 2021-жылдын 7-январына карата тѳмѳндѳгү 5 коммерциялык эмес уюм 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна байкоо жүргүзүүгѳ ѳздѳрүнүн катышуусу жѳнүндѳ чечимдерин билдиришкен жана шайлоо комиссияларына ѳздѳрүнүн коомдук байкоочуларын жѳнѳтүшкѳн:
|
№ |
Коммерциялык эмес уюмдардын аталышы |
БШКдагы коомдук байкоочулар |
|
1. |
«Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмеси |
3 |
|
2. |
«Коомар Медиа» коомдук фонду |
1 |
|
3. |
«Kloop Media» (Клоп Медиа) коомдук фонду |
- |
|
4. |
«Тынчтык фонду» коомдук фонду |
1 |
|
5. |
«Убакыт-Время» коомдук бирикмеси |
- |
Эске салып кетсек, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренсине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого, референдумга жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин төмөнкү шайлоо комиссияларына жөнөтөт.
Коомдук байкоочулар тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө катталат:
- коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү жолдомодо (коомдук байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, анын жашаган жеринин дареги, байкоочу жиберилген шайлоо участогунун номуру, комиссиянын аталышы көрсөтүлөт)
- паспорттун көчүрмөсү;
- коммерциялык эмес уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашпаган коомдук байкоочуну каттата алат. Ошол эле учурда бир шайлоо участогунда бир эле убакта бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана коомдук байкоочу боло алат.
Мыйзамдарга ылайык Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп дайындала алышпайт.
