БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07 января 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-январдагы жыйынында Баткен, Ноокат жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясары нын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:
Баткен району:
Дарин айылдык кеңешинен - Сатаров Абдиламит Ташбелович – ыйгарым укугу каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Вакантту депутаттык мандат убактылуу иштебеген Минбаев Куштарбек Эркебаевичке тапшырылды.
Дарин айылдык кеңешинен - Камалов Динмухамед Абдимомунович - ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткендиги тууралуу жеке арызы боюнча токтотулду. ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Момбеков Абдыразак Замирбековичке тапшырылды.
Ноокат району:
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен - Жунусов Нурланбек Эркинович - ыйгарым укугу жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалганы тууралуу жеке арызы боюнча токтотулуп. Ваканттуу мандат Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын айдоочусу Махаматсалы уулу Азаматка тапшырылды.
Н. Исанов айылдык кеңешинен - Атиев Маматразак Абдурахманович - ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат Н.Исанов жайыт колдонуучулар Ассоциациясынын төрагасы Маманов Мурзакарим Байдиллаевичке тапшырылды.
Нарын шаары:
Нарын шаардык кеңешинен - Усубалиев Бакытбек Дюшекович - ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер Абдрахманов Нурлан Халиловичке тапшырылды.
Нарын шаардык кеңеши - Мусаев Азиз Абдышукурович - ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Сыдыгалиев Кенжебек Мукамбетовичке тапшырылды.
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Баткен, Ноокат жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
КР БШКсы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
