БШКда көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кезектеги жыйналышы болуп өттү
07 января 2021
2021-жылы 6-январда эл аралык байкоочу жана ассистент – Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чектелген миссиясынын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо маселеси боюнча экспертинин катышуусунда БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун (КТТ) кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышта төмөнкү маселелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (шайлоо фонддору жана каржы отчеттуулугу);
2. Референдумдун “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (референдум фонддору);
3. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо жөнүндө;
4. 2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө;
5. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун каражаттары боюнча автоматташтырылган эсепке алуу жана каржы отчеттуулук үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (шайлоо фонддору жана каржы отчеттуулугу)” маселеси боюнча маалымат угулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 17 талапкер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттарды пайдалануу менен өз шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо. 12 талапкер «РСК Банк» ААКта жана 5 талапкер «Айыл Банк» ААКта атайын эсептерин ачышты. Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.
Талапкерлердин каржы отчеттуулугунун маалыматтары боюнча 2020-жылдын 30-декабрына карата шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары 112 310 964 сомду түздү, анын ичинде:
· талапкерлердин өз каражаттары 57 633 980 сом (51,3%),
· юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 9 000 000 сом (8,01%),
· жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 45 647 004 сом (40,6%),
· кайтарылган каражаттардын суммасы – 29 980 сом (0,03%).
КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу чыгашаларды жабууга 103 297 087 сом чыгымдалды, анын ичинде:
· шайлоо күрөөсүн төлөөгө 17 000 000 сом (16,5%),
- шайлоо алдындагы үгүткө – 59 883 946 сом (58%),
- башка чыгашаларды, салык чегерүүлөрүн, социалдык милдеттенмелерди төлөөгө – 5 552 509 сом (5,4 %),
- шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу аткарылган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү (маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайларды жана жабдыктарды ижарага алуу, транспорт жана иш сапар чыгашалары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, канцеляриялык товарларды жана жабдыктарды сатып алуу) төлөөгө – 20 858 081 сом (20,2%).
КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын пайдаланылбаган калдыгы 9 013 877 сомду түзөт.
“Референдумдун “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (референдум фонддору)” маселеси боюнча төмөнкүдөй маалымат берилди:
Бүгүнкүгө карата катталган 15 “макул” жана “каршы” үгүт тобу өз фонддорун түздү. 2020-жылдын 25-декабрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде «макул» (парламенттик республикага» №1 үгүт тобуна 15100 сом түшүп, 1 028 сом чыгымдалды.
Референдум фонддоруна каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.
Үчүнчү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо жөнүндө маалымат угулду.
БШКнын чыгымдар сметасы 686 451,3 миң сом жалпы суммасында бекитилген, анын ичинде 137 290,3 миң сом Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча мүмкүн кайра добуш берүү дайындалып калса жумшалуучу пландалган кошумча сумма. Учурда шайлоо комиссияларын каржылоо толук көлөмдө жүргүзүлдү.
Андан ары КТТ мүчөлөрү 2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө маселени угуп, талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар сметасынын жалпы суммасы 437 726,5 сомду түздү, анын ичинде:
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу ыйгарым укуктарын камсыздоого БШКнын чыгымдар сметасы, анын ичинде төмөн турган шайлоо комиссияларынын БШК тарабынан борборлоштурулган тартипте төлөнүүчү товарларды сатып алууга, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө чыгымдар 139 016,8 сомду түздү;
- 54 АШКнын жана 2 464 УШКнын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыздоого (эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, иш сапарга чыгымдар, добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү комиссия мүчөлөрүнүн суткалык чыгымдары жана тамак-ашы) чыгымдар сметасы 298 709,7 сомду түздү.
2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан иш жүзүндө каржылоо403 806,746 сомду түздү. Пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыгы (үнөм) 33 919,8 сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого катышуусу, конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн КР БШК тараптан 3 523 532 шайлоо бюллетени даярдалды. Орточо алганда, ар бир шайлоочуга 114 сом 60 тыйын (403 806 746 сом/ 3 523 532 шайлоочу) чыгымдалды.
Акыркы маселе боюнча шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун каражаттары боюнча автоматташтырылган эсепке алуу жана каржы отчеттуулук үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.
Электрондук платформа төмөнкү эки бөлүктү камтыйт: талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттары боюнча түзүү, эсепке алуу жана каржы отчеттуулук, ошондой эле референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын чыгымдар сметасын түзүү, ошондой эле ал каражаттарды эсепке алуу жана чыгымдар сметасын аткаруу боюнча отчеттуулук. Учурда электрондук платформанын иштелип чыккан бөлүгү тесттен өткөрүлүүдө, ал реалдуу убакыт режиминде ведомстволор арасындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча БШК менен банк мекемелеринин ортосунда маалыматтарды алмашууну камсыздоого тийиш.
КТТ мүчөлөрү күн тартибиндеги төмөнкү бардык маселелерди иш тартибинде талкуулашты: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан учурда каржылоо маселелери; талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча мыйзам ченемдерин сактоо маселелери; референдум фонддорунун каржылоо маселелери; “макул” жана “каршы” үгүт топторунун референдум фонддорундагы акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча мыйзам ченемдерин сактоо маселелери; талапкерлердин шайлоо фонддорунан жана референдум фонддорунан каражаттарынан үгүт иш-чараларына акы төлөө маселелери. Келип чыккан бузуулар боюнча талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, үгүт топторунун жетекчилери менен түздөн-түз иштер жүргүзүлүп жатканы, мыйзам ченемдери түшүндүрүлүп, каржы отчеттуулугун берүү мөөнөттөрү жана жол-жобосу боюнча толук маалымат жеткирилип жатканы белгиленди.
КТТ жетекчиси Г.М. Баатырова КТТ мүчөлөрүнө шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча бардык жол-жоболорду мүмкүн болушунча көп көңүл бөлүп, контролдоону, каржылык айкындуулук боюнча бардык талаптарды аткарууну тапшырды.
ЕККУ ДИАУБдун эл аралык байкоочулары КТТ ишиндеги ачык-айкындуулукка жана шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун, республикалык бюджеттин каражаттарын айкындуулугу боюнча чараларды аткарууда топтун мүчөлөрүнүн күч-аракеттерине баа беришти. Алар шайлоо жол-жоболору боюнча өз убагында маалыматтык жана усулдук жардам көрсөтүүдө шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен БШК мүчөлөрүнүн өз ара шайкеш аракеттешүүсүн, ошондой эле шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун, БШК бюджетинин каржы ресурстары жөнүндө маалыматтарга ачык кирүү үчүн кеңири коомчулукка мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук платформанын иштелип чыгышын кубатташты.
КР БШК маалымат бөлүмү
