БШК үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракол шаардык штабынын башчысын жоопко тартууну кароо чечимин кабыл алды

05 января 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракол шаардык штабынын башчысы А.А.Коробаевди шайлоочулар менен талапкердин жолугушуусун уюштурууда үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопко тартуу маселеси боюнча материалды кароону КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү чечимин чыгарды.

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобу жүргүзгөн мониторингдин алкагында 2021-жылдын 2-январында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровду салттуу улуттук кийимчен 8(сегиз) адам шайлоочулар менен болгон жолугушууда тосуп алганы боюнча видеоматериалдарды көрүштү. Белгиленген видеоматериалдар YouTube видеохостингинде https://www.youtube.com/watch?v=BCOxa0-qyFQ жана https://www.youtube.com/watch?v=QPQBEQinJNU шилтемелери менен жайгаштырылган.

Жумушчу топтун отурумунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун ыйгарымдуу укуктуу өкүлү А.С.Мощин катышкан.

Бул жолугушуу 2020-жылдын 29-декабрында штаб уюштурган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусу Каракол шаарында өткөн, ал эми видеоматериалда көрсөтүлгөн костюмдуу адамдардын тобу талапкердин штабына тиешеси жок жана жолугушуу күндө штаб менен макулдашпай чыгып сүйлөшкөн. Жолугушууну үзгүлтүккө учуратпоо максатында алардын чыгып сүйлөшүнө толук мүмкүнчүлүк берилди.

Ошондой эле Каракөл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ч.Амантурованын атына 2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракөл шаары боюнча штабынын башчысы А.А.Коробаевден талапкердин шайлоо штабы, калктуу конуштардын стадиондорунда жана көчөлөрүндө концерттерди жана театралдаштырылган оюн-зоокторду, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрбөйт, деп көрсөтүлгөн кат жолдогон.

Маселенин маани-маңызын карап чыгып, ыйгарым укуктуу өкүлдүн түшүндүрмөлөрүн угуп, материалдарды изилдеп чыгып Жумушчу топ төмөнкүлөрдү белгилейт.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүндөгү 2-пунктуна ылайык (мындан ары-конституциялык Мыйзам), “стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларда концерттерди жана театралдаштырган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу”.

Жогоруда көрсөтүлгөн видеоматериалда, шайлоочулар менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракөл шаарындагы жолугушуусунда, салттуу улуттук кийимчен 8(сегиз) адам 6 (алты) минут аралыгында атайын үн коштоочу аппаратуралар менен жабдууларды колдонуп театралдаштырылган оюн-зооктун белгилери бар көрүнүштү Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун катышуусунда тартуулашты.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматына ылайык, жолугушуу талапкердин штабы аркылуу уюштурулган, Кара-Көл шаары боюнча штабдын жетекчиси А.А.Коробаев БШКнын 2020-жылдын 28-декабрында №519 чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун ишенимдүү өкүлү болуп катталган.

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 2-январындагы чечиминин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21, 22- 28-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7,18 беренелерине 2020-жылдын 26-июнундагы №115 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобосуна таянып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Н.Жапаровдун Каракөл шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А.Коробаевди шайлоочулар менен талапкердин жолугушуусун уюштурууда үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопко тартуу боюнча материалды кароо КРнын БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жиберүү чечимин кабыл алды.

 

КР БШК маалыматтык бөлүм.