«Убакыт-Время» КУ КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу КР БШКга билдирди
06 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Убакыт-Время» коомдук бирикмесинен КР БШКга түшкөн билдирүүсүн эске алууну чечти.
Ошондой эле КР БШК 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Имралиева Айназик Акматалиевнаны «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фондунан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы коомдук байкоочу катары каттоону чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнд» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Убакыт-Время» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 5-январындагы билдирмесинин жана «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фондунун 2021-жылдын 6-январындагы жолдомосунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
