БШК автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды алуу боюнча тест өткөрүүдө
06 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 6-январында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо алкагында автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды ыкчам алуу боюнча тест өткөрүүдө.
Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоо участкаларындагы шайлоо бюллетендерин кабыл алып, саноону ишке ашырат. АЭУдагы модемдин жардамы менен добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтар БШКнын борбордук серверине өткөрүлөт.
Учурдагы тесттен өткөрүүнүн жүрүшүндө маалыматтарды өткөрүп берүүнүн ыкчамдыгы 95%га чейин жогорулды. Жалпысынан маалыматтарды алуу шайкеш жана ыкчам өтүүдө.
Ошону менен бирге республикада 11 шайлоо участогу Интернет байланышы жок тоолуу жана алыскы райондордо жайгашкан. Бул Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы жана Баткен облусунун Зардалы айылындагы чек ара заставасындагы участкалар, ошондой эле алыскы участкалар Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунда ж.б. дагы бар.
Ал участкалардан добуш берүүнүн жыйынтыгын өткөрүп берүү маалыматтарды БШКнын серверине байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү үчүн АЭУларды жакын жайгашкан участкаларга унаага жүктөп алып баруу жолу менен ишке ашырылат.
БШК маалыматтарды коопсуз түрдө берүү үчүн бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу орган – УКМК менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
КР БШК маалымат бөлүмү
