БШК Тоң жана Лейлек райондорундагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү

06 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Баткен облусунун Лейлек районунун төмөнкү кээ бир шайлооучасткаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндөтоктом кылды:

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагы:

  • № 3207 шайлоо участкасынын дареги Жунушев көчөсү, 15 дарегиндеги Кажы-Сай айылынын “Бизнес инкубатор” ишканасынынимаратынан Жунушев көчөсү, 1 дарегиндеги айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы: 

  • № 8013 шайлоо участкасынын дареги К. Ниязматов көчөсү, 6 дарегиндеги Кулунду айылынын маданият үйүнүн имаратынан Ленин көчөсү, 56 дарегиндеги айыл өкмөтүнүн имаратынаөзгөртүлсүн;
  • № 8207 шайлоо участкасынын дареги С. Садыков көчөсү, 108 дарегиндеги Интернационалайылынын спорт комплекси имаратынан Октябрдын 60 жылдыгы көчөсү, 51 дарегиндеги Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

Чечим Тоң жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участогунун орун-жайында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Тоң жана Лейлек аймактык шайлоокомиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары менен биргеликте шайлоочулардынарасында шайлоо участкаларынын даректериөзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштеринжүргүзүү тапшырылды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү