БШК: 2021-жылдын 10-январына (жекшемби) дайындалган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмелери календарлык планга ылайык өлкөнүн бардык шайлоо участкаларына илинди
06 января 2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумуна шайлоочулардын биротоло тизмеси 2-январда түзүлүп өлкөнүн баардык шайлоо участкаларына илинди, ошондой эле шайлоочулардын электрондук «Тизме» (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылды.
Шайлоочулардын тизмесине Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматынын негизинде 3 млн. 563 миң 574 адам кирген.
- көпчүлүгү Ош областында – шайлоочулардын жалпы санынын 20%. Андан кийин Жалал-Абад областы, Чүй областы жана Бишкек шаары. Шайлоочулардын жалпы санынын 4%нан азы Ош шаары жана Талас областы боюнча.
|
Аймактар |
УШКнын саны |
Шайлоочулардын саны |
Республика боюнча шайлоочулардын жалпы санынын % |
|
Кыргыз Республикасы боюнча: |
2474 |
3563574 |
100 % |
|
БИШКЕК ш. |
228 |
416123 |
12 |
|
Ош шаары |
78 |
151115 |
4 |
|
БАТКЕН ОБЛАСТЫ |
217 |
297264 |
8 |
|
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ |
449 |
666695 |
19 |
|
НАРЫН ОБЛАСТы |
171 |
202475 |
6 |
|
ОШ ОБЛАСТЫ |
512 |
722933 |
20 |
|
ТАЛАС ОБЛАСТЫ |
117 |
157886 |
4 |
|
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ |
406 |
591818 |
17 |
|
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ |
248 |
307786 |
9 |
|
КР ТИМ – чет элдик катышуучулар дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн |
48 |
49479 |
1 |
Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси мазмуну боюнча бирдей. Бирок шайлоого жана референдумга катышкандардын санын эсептөө добуш берүү күнү өзүнчө жүргүзүлөт.
- Республикасында шайлоочулардын саны 2015-жылга салыштырганда 802 миң 277 адамга же 29,05% га. Көбөйгөн.
Шайлоочулардын санынын өсүшү 2017-жылга салыштырмалуу 537 миң 804 адамга же 18% түзгөн.
Шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4-октябрына салыштырмалуу 40 миң 20 адамга же +1.14% түзгөн.
Шайлоочулардын санын көбөйүшү калктын табигый өсүшү жана шайлоочулардын тизмесин өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш алып баруудан болду.
Шайлоочулардын санынын өсүү динамикасы жана санынын өзгөрүүсү жөнүндө маалымат:
|
№ |
Аймак |
ЖК шайлоосу 2015 |
Президентти шайлоо 2017 |
ЖК шайлоосу 2020 |
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум 10/01/2021 |
Салыштыруудагы өсүштөр 04/10/2015 |
Салыштыруудагы өсүштөр 15/10/2017 |
|
|
Баардыгы: |
2 761 297 |
3 025 770 |
3 523 554 |
3 563 574 |
802 277 |
537 804 |
|
1 |
Бишкек ш. |
368 194 |
426 722 |
497692 |
416120 |
47926 |
-10602 |
|
2 |
Ош ш. |
133 388 |
159 348 |
181300 |
151117 |
17729 |
-8231 |
|
3 |
Баткен областы |
223 763 |
243 722 |
284265 |
297263 |
73500 |
53541 |
|
4 |
Жалал-Абад областы |
495 455 |
545 746 |
643774 |
666696 |
171241 |
120950 |
|
5 |
Ысык-Көл областы |
241 002 |
259 118 |
290769 |
307786 |
66784 |
48668 |
|
6 |
Нарын областы |
150 137 |
161 895 |
176202 |
202476 |
52339 |
40581 |
|
7 |
Ош областы |
557 309 |
589 412 |
682603 |
722933 |
165624 |
133521 |
|
8 |
Талас областы |
122 983 |
130 195 |
149011 |
157884 |
34901 |
27689 |
|
9 |
Чүй областы |
453 754 |
491 032 |
586664 |
591818 |
138064 |
100786 |
|
10 |
КР ТИМ |
15 312 |
18 580 |
32602 |
49481 |
34169 |
30901 |
Белгилей кетүүчү жагдай, шайлоочулардын “Тизме” порталында шайлоонун ар бир деңгээли боюнча тизмеси камтылган: жалпы улуттук жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө шаардык менен айылдык кеңештерге өтүүчү шайлоолор үчүн жергиликтүү тизмелер.
Шайлоочулардын тизмелери шайлоолор ортосундагы аралыкта ай сайын бир жолу, шайлоо мезгилинде такай жаңыртылып турат.
Учурдагы шайлоонун анык тизмелеринен тышкары шайлоочулардын “Тизме” порталында шайлоочулардын мурунку үгүт иштерине катышуусу боюнча статистикалык маалыматтар, өздүк маалыматтарды жалпы тизмеден издөө баракчасы, электрондук “Шайлоочунун кабинети”, ошондой эле шайлоочулардын мурда жазылган арыздарынын негизинде УШКлардан УШКларга которулуу кыймылы камтылат.
Мамлекеттик “Тизме” (tizme.gov.kg) порталында шайлоочулардын жаш курагы, шайлоочулардын гендердик курамы, анын ичинде аймактар, райондор жана шаарлар боюнча маалыматтар менен таанышууга болот.
Жаш курактагы 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны, баардык шайлоочулардын жалпы санынан 31%дан ашыгын түзөт.
Шайлоочулардын тизмесинин гендердик курамындагы 52,21% - аялдар, 47,679% - эркек шайлоочулар.
Жогоруда белгиленген категориялар боюнча шайлоочулардын тизмесин дифференциациялоо шайлоочуларды маалымдоо жана талапкелердин, эксперттердин жана окумуштуулардын колдонуусу үчүн дайыма “Тизме” сайтында көрсөтүлүп турат.
Шайлоочулардын тизмеси: жаш курак боюнча маалымат
|
Кыргыз Республикасы |
02-01-2021 карата тизмеси |
Жаш курагы боюнча |
|||||||||||
|
Шайлоочулардын саны |
18-29 |
% |
30- 39 |
% |
40-49 |
% |
50-59 |
% |
60-69 |
% |
70~ |
% |
|
|
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА: |
3563574 |
975921 |
27,39 |
891686 |
25,02 |
621613 |
17,44 |
530420 |
14,88 |
368534 |
10,34 |
175400 |
4,92 |
|
БИШКЕК ш. |
416123 |
95464 |
22,94 |
97833 |
23,51 |
75787 |
18,21 |
67603 |
16,25 |
48588 |
11,68 |
30848 |
7,41 |
|
ОШ ш. |
151115 |
41252 |
27,30 |
38253 |
25,31 |
24542 |
16,24 |
23143 |
15,31 |
16901 |
11,18 |
7024 |
4,65 |
|
БАТКЕН ОБЛАСТЫ |
297264 |
86354 |
29,05 |
76996 |
25,90 |
50972 |
17,15 |
42207 |
14,20 |
28453 |
9,57 |
12282 |
4,13 |
|
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ |
666695 |
196614 |
29,49 |
167701 |
25,15 |
113827 |
17,07 |
96131 |
14,42 |
65933 |
9,89 |
26489 |
3,97 |
|
НАРЫН ОБЛАСТЫ |
202475 |
56592 |
27,95 |
48718 |
24,06 |
37466 |
18,50 |
29579 |
14,61 |
19889 |
9,82 |
10231 |
5,05 |
|
ОШ ОБЛАСТЫ |
722933 |
211335 |
29,23 |
183742 |
25,42 |
121865 |
16,86 |
105718 |
14,62 |
69200 |
9,57 |
31073 |
4,30 |
|
ТАЛАС ОБЛАСТЫ |
157886 |
44662 |
28,29 |
39012 |
24,71 |
28572 |
18,10 |
22304 |
14,13 |
15694 |
9,94 |
7642 |
4,84 |
|
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ |
591818 |
147780 |
24,97 |
148467 |
25,09 |
104497 |
17,66 |
90962 |
15,37 |
67757 |
11,45 |
32355 |
5,47 |
|
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ |
307786 |
81531 |
26,49 |
74653 |
24,25 |
53457 |
17,37 |
47208 |
15,34 |
34133 |
11,09 |
16804 |
5,46 |
|
КР ТИМ |
49479 |
14337 |
28,98 |
16311 |
32,97 |
10628 |
21,48 |
5565 |
11,25 |
1986 |
4,01 |
652 |
1,32 |
Шайлоочулардын тизмеси: гендердик маалымат
|
УШКнын саны |
Шайлоочулардын саны |
эркектер |
% |
аялдар |
% |
|
|
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА: |
2474 |
3563574 |
1703097 |
47,79 |
1860477 |
52,21 |
|
БИШКЕК ш. |
228 |
416123 |
176243 |
42,35 |
239880 |
57,65 |
|
ОШ ш. |
78 |
151115 |
69099 |
45,73 |
82016 |
54,27 |
|
БАТКЕН ОБЛАСТЫ |
217 |
297264 |
145299 |
48,88 |
151965 |
51,12 |
|
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ |
449 |
666695 |
324906 |
48,73 |
341789 |
51,27 |
|
НАРЫН ОБЛАСТЫ |
171 |
202475 |
101010 |
49,89 |
101465 |
50,11 |
|
ОШ ОБЛАСТЫ |
512 |
722933 |
350959 |
48,55 |
371974 |
51,45 |
|
ТАЛАС ОБЛАСТЫ |
117 |
157886 |
78394 |
49,65 |
79492 |
50,35 |
|
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ |
406 |
591818 |
281523 |
47,57 |
310295 |
52,43 |
|
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ |
248 |
307786 |
150642 |
48,94 |
157144 |
51,06 |
|
КР ТИМ |
48 |
49479 |
25022 |
50,57 |
24457 |
49,43 |
Эгерде шайлоочуларды калктын пайыздык санына карата эсептелинсе, анда Нарын областы алдыда – 289 621 жашоочусунун ичинен 198 697 (68%) – 18 жаштан жогорку жарандар, башкача айтканда активдүү шайлоо укугуна ээ болгондор.
Пайыздык көрсөткүчтө Бишкек шаарынын шайлоочулары аз. Борбор калаада 1 053915 каттоодо турган жарандардан 414575 адам шайлоочу, юул 39,34% ды түзөт.
Шайлоочулардын тизмесинин динамикасы: жалпы статистика
|
Кыргыз Республикасынын калкынын туруктуу эсеби 01.01.2020-жылдан жана 2020-жылдын 30-июнуна карата шайлоочулардын аймактар боюнча саны |
||||
|
№ п/п |
Аймак/шаар |
Калкы |
18 жаштан жогорку шайлоочулар |
Калктын жалпы санынын % |
|
Жыйынтыгы: |
6523529 |
3407895 |
52,24 |
|
|
1 |
Бишкек ш. |
1 053 915 |
414575 |
39,34 |
|
2 |
Ош ш. |
312 530 |
143432 |
45,89 |
|
3 |
Чүй областы |
959 884 |
566734 |
59,04 |
|
4 |
Ысык-Көл областы |
496 050 |
300905 |
60,66 |
|
5 |
Нарын областы |
289 621 |
199652 |
68,94 |
|
6 |
Талас областы |
267 360 |
153734 |
57,50 |
|
7 |
Ош областы |
1 368 054 |
699245 |
51,11 |
|
8 |
Жалал-Абад областы |
1 238 750 |
633 622 |
51,15 |
|
9 |
Баткен областы |
537 365 |
285776 |
53,18 |
|
10 |
ТИМ КР |
|
10220 |
0,16 |
2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан шайлоочулардын тизмелерин жалпы жакшыртылышы аны үзгүлтүксүз актуалдаштыруу жана «Тизме» порталына жайгаштырылгандыгы, 2017-жылга салыштырганда шайлоодо аларды тактоо мөөнөттөрү 20 күнгө узартылгандыгы менен дагы түшүндүрүлөт.
Шайлоочулардын ачык жана айкын тизмеси шайлоо убагында гана эмес, шайлоолордун аралыгындагы мезгилде дагы жеткиликтүү, бул статистиканы каалаган убакытта көрүүгө жарандарга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, тизмелерди жакшыртуу боюнча жалпы чаралардын ичинде шайлоо убагында аны тактоо мөөнөттөрү узартылгандыгы, «Тизме» порталында “шайлоочунун кабинети” аркылуу электрондук арыз берүү мүмкүнчүлүгү киргизилгендиги, ошондой эле биометрикалык каттоону тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу дагы бар.
Жалпы чаралардан тышкары, шайлоочулардын айрым категориялары үчүн конкреттүү чаралар ишке ашырылууда, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын милдеттүү түрдө эсепке алынышы; чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларынын санынын көбөйтүлүшү; аялдардын талапкер катары шайлоого катышуусу үчүн квоталардын киргизилгендиги, бул өз учурунда шайлоочу аялдардын шайлоо процессине катышуусуна түрткү болот; жаштар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштери. Бул чаралар мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча пландарда каралган.
КР БШК маалымат бөлүмү
