КРнын БШКсынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова менен Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия боюнча өкүлү мырза Ронни Хейне жолугушту
05 января 2021
Жолугушуунун жүрүшүндө, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова алдыдагы 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө даярдыктар жөнүндө маалымат берди.
Өлкөдө добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу элдин эркин билдирүүсүн бурмалоочу негизги фактор болуп калган акыркы окуяларды эске алып, бүгүнкү күндө КР БШКсы Өкмөт жана укук коргоо органдары менен бирдикте шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларга каршы ишти жаңыча негиздеги чараларды көрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Р.Хайне БШК тарабынан шайлоонун жүрүшүндө ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана демократияны камсыз кылуу боюнча алып барылып жаткан жумуштарга жогору баа берди. “Демократия - бул башкаруунун эң “чыңалган” формасы. Кыргызстан демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө умтулуп туура багытта баратат. Шайлоо процессиндеги кыйнчылыктарга Кыргызстан гана дуушар болгон жок. Башка өлкөлөрдө да добуштарды саноодогу талаш-тартыштар менен пикир келишпестиктер көндүм көрүнүш”. Фонддун өкүлү укуктук маданиятты өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз оюн билдирди. Анын айтымында, жарандык билим берүүгө жасалган көп жылдык аракеттер өз натыйжасын берип жатат: “Укуктук мадантиятты көтөрүү – узак процесс жана мен, БШКнын буга кошкон салымын баалайм”. Жолугушуунун катышуучулары шайлоо процессине жаштардын катышуусун күчөтүү маселелери боюнча мындан ары да кызматташууну талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ронни Хейне, дагы бир жолу КР БШКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге суктангандыгын айтып, алдыдагы президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.
