БШК айрым АШКлардын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

05 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы жыйынында Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды.

Чүй областынын Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын Кульбеда Александр Викторовичти - «Кыргызстан» саясий партиясынан, Мамкулов Токтобек Эрнисович - «Замандаш» саясий партиясынан, Ранат уулу Мирбек, Касымалиев Иса Мырзабекович, - жергиликтүү башкаруу органынан;

- резервден комиссиянын курамына киргизилсин Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович - «Жаны-Доор» саясий партиясынан, Джолдошалиева Айгуль Ишенбаевна - «Нур» саясий партиясынан, Дикамбаев Тимур Мэлсович, Масеитов Нурлан Медетканович - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан

Нарын областынын Нарын аймактык шайлоо комиссиясы:

- комиссия курамынан чыгарылсын Токтомуш уулу Канатбек - «Кыргызстан» саясий партиясынан, Калдашева Динара Рыспаевна - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан;

- резервден комиссиянын курамына киргизилсин - Сатыбекова Айзада Абдыбековна, Мамбетакунова Гулай Бекболотовна - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан.

Нарын областынын Ат-Башы аймактык комиссиясы:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын Такыров Жыпаркүл Кыдырмамбетовна -«Кыргызстан» саясий партиясынан;

- резервден комиссиянын курамына киргизилсин Жумагулова Пери Жумагуловна - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан.

Чечим Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Башын аймактык шайлоо комиссияларынын курамынан жана резервинен чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7,18,19, 22-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы №575-токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү