БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Л. Тольбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
04 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды:
Холматова Дилноза Косибжоновнаны;
Тологонова Уулбюбю Бексултановнаны.
БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 4-январындагы түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып чечим кабыл алды.
КР БШК маалымат бөлүмү
