БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

04 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январдагы жыйынында Алай жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:

Алай району:

Гүлчө айылдык кеңешинен - Исаев Сүйөрбек Курманбековичтин ыйгарым укугу  жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалып жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Ибраимов Залкарбек Шарабидиновичке тапшырылды.

Сузак району:

Кара-Алма айылдык кеңешинен - Сооронбаев Кыялбек Камчыбековичтин ыйгарым укугу   жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер Аманов Алмаз Курманбековичке тапшырылды.

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Алай жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

КР БШКСы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү